![](https://abbi.kg/wp-content/uploads/2022/12/whatsapp-image-2022-12-06-at-07.17.04-1.jpeg)
Бүткүл дүйнөлүк АИВ/СПИД илдетине каршы күрөшүү күнү.
Бүткүл дүйнөлүк АИВ/СПИД илдетине каршы күрөшүү күнүнө карата бир айлык өнөктүк өткөрүү боюнча, Таш – Көмүр шаардык мериясынын 2022-жылдын октябрь айындагы №402-токтомунун негизинде бекитилген иш-чараларды аткарууда, мерия тарабынан уюштурулган “Жаштар СПИДке каршы” аталыштагы жүрүшкө, Аймактык билим берүү институтунун мугалимдер жана студенттер жамааты дагы активдүү катышты.
Жана ошондой эле Аймактык билим берүү институтунда АИВ/СПИД илдетине каршы күрөшүү күнүнө карата студенттер арасында “Мыкты дубал газета” сынагы уюштурулуп, атайын дайындалган комиссия тарабынан жеңүүчүлөр аныкталды.