2025-жылдын 19-апрелинде XII Аймактык университеттер аралык студенттик олимпиадасы Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде уюштурулду. Иш чарада Түштүк аймагындагы 8 ЖОЖдун 750дон ашык студенттери өз билимдерин сынашты. Биздин институттун ИЭК-1-24 тайпасынын студенти Ымамназарова Гүлмайрам “Микроэкономика” дисциплинасынан 2 орунга ээ болсо, ИПД-1-22 тайпасынын студенти Абдувалиева Мээрбү, ИЭЭ-1-22 тайпасынын студенттери Артыкбаев Мунарбек менен Султан уулу Бектурган, ИЭЭ-1-23 тайпасынын студенти Анатаев Арген мыкты дилгирлиги үчүн атайын Грамота менен сыйланышты. Студенттерибизди ийгилиги менен чын ниеттен куттуктайбыз!