Бүгүн, 1-октябрь – Улгайган адамдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунун жамааты Токтогул 2А-1 көчөсүнүн тургуну, ардактуу аксакал Токторалиев Мадалбекке атайын куттуктоо менен барып, азык-түлүк жана акчалай көмөк көрсөтүштү. “Карысы бардын ырысы бар” дегендей, улгайган ата-бабаларыбыздын батасын алуу – жаштар үчүн чоң сыймык жана руханий байлык. Бул иш-чара аркылуу биз карыялардын коомдогу ордун урматтап, алардын татыктуу жашоосуна көңүл буруу ар бирибиздин ыйык парзыбыз экенин дагы бир жолу эскердик.