2024-2025 окуу жылынын жыйынтыгы боюнча Окумуштуулар кеңеши болуп өттү

Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунда 2025-жылдын 1-июлунда 2024-2025 окуу жылынын жыйынтыгы боюнча Окумуштуулар кеңеши болуп өттү. Окумуштуулар кеңешинде окуу жылындагы аткарылган иштер боюнча тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөр, кафедралар, I-проректор э.и.к. Н.Ж.Күзөбаевдин, илим жана сырткы байланыштар боюнча проректор п.и.к. Ж.С.Токтомамбетованын, мамлекеттик тил жана социалдык маселелер боюнча бөлүм башчысы Ч.Акбарованын билдирүүорү угулду. Ошондой эле КР илим, жогорку билим берүү жана инновация министрлигинин 2025-жылдын 27-июнунда уюштурулган онлайн кеңешмесиндеги маселелер талкууга коюлуп, ректор Т.Р. Барпыбаев тарабынан тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдө иш алып баруу жагы милдеттендирилди.