Захириддин Мухаммада Бобур ат. Андижан мамлекеттик университетине расмий иш сапар

2025-жылдын 4-5-июнь күндөрү Инновациялык технологиялар жана энергетика институнун ректору Барпыбаев Т.Р., илим жана сырткы байланыштар боюнча прооректору Токтомамбетова Ж.С. жана "ПГД" кафедрасынын окутуучусу Нуркулова Г. Өзбекстандагы Захириддин Мухаммада Бобур ат. Андижан мамлекеттик университетинде расмий иш сапары менен болушту. Иш чаранын алкагында Андижан мамлекеттик университети менен илимий-усулдук, студенттер үчүн академиялык мобилдүүлүк, профессордук-окутуучулар курамынын арасындагы такшалмалар каралып, илимий-усулдук конференцияларды жана маданий-спорттук иш-чараларды ЖОЖдор ортосунда өткөрүү боюнча кызматташуу келишимине кол коюлду.