Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунда 22-май “Дүйнөлүк биоартүүдүлүккө” арналган иш чара өттү. Иш чаранын жүрүшүндө БГ-1-23 тайпасынын студенттери тарабынан илимий баяндамалар окулуп, кызыктуу оюн-зооктор ойнотулду. Ошондой эле “Зоология” боюнча окуу-талаа практикасынын отчеттору да тапшырылды. Практика Сары-Челек биосфералык коругунда окутуучу Нуркулова Гулзинанын жетекчилиги жүрдү. Студенттер практикада 2 жума болушту.