“Кыргыз тилим көнөрбөс өчпөс дилим”
Аймактык билим берүү институтунда “Кыргыз тилим –көөнөрбөс өчпөс дилим” аттуу кыргыз тил макамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгы майрамдоо боюнча салтанаттуу кечеси болуп өттү.
Иш чарага негизинен ЖАМУ ТИПФнын СМТ боюнча декандын орун басары Курманалиева Г.Ж., “Таш-Көмүр жарчысы” гезитинин системдик администратору Оруналы кызы Назгүл конок катары чакырылган.
Жогоруда аталган адабий кечени ачып берүү үчүн институтунун ректору х.и.к. , доцент Барпыбаев Т.Р. ачып берип жатып, бүгүнкү тилдин ал-абалына токтолуп, келечек муунду өз тилин сактоого, өнүктүрүүгө, баалоого чакырып кетти.
Салтанаттуу иш-чарада Кыргыз тилдин 33 жылдык тарыхына урматталган тайпалар аралык видео-ролик, мыкты дубал газета конкурстары жарыяланган. Конкурстун негизинде “Электроэнергетика” кафедрасынын ИЭЭ-1-21 тайрасы 1-орунду, ИПД-1-22 тайпасы 2-орунду, ИПД-1-21 тайпасы 3- орунду ээлеп Ардак грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.