2026-жылдын 1-апрелинде Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунун “Экономика жана информатика» кафедрасы тарабынан “3-апрель Бухгалтерлер жана аудиторлор күнүнө” карата майрамдык иш чара уюштурулду. Иш чарага шаарыбыздын көрүнүктүү бухгалтерлери, анын ичинде ХП “Суу-Чарба” ишканасынын башкы бухгалтери Атакулова Анаркан Наракуловна, Таш-Көмүр шаардык социалдык фондунун башкы бухгалтери Сооронова Рыскан Атаевна, Таш-Көмүр шаарынын тазалык ишканасынын башкы бухгалтери Жолдошбаева Динара Жолдошбаевна, Таш-Көмүр шаарынын статистикалык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Атаканова Бактыкан Калыбековна, Таш-Көмүр Аймактык колледжнин окуу бөлүмүнүн башчысы Асранова Канышай Бабатаевна жана биздин институтубуздун бүтүрүүчүлөрү Аксы райондук Социалдык фонд башкармалыгынын башчысынын орун басары Абдираимова Насикат Абдурасуловна, Аксы райондук Социалдык фонд башкармалыгынын бөлүм башчысы Даникулова Алтынай Эшмаматовна, Бай-Түшүм банкынын насыялык бөлүмүнүн адиси Эргешбай кызы Мээримай катышышты. Майрамдык иш чарада кафедранын таланттуу студенттери тарабынан чакан концерттик программа көрсөтүлүп, катышуучулар тарабынан баяндамалар жасалып, суроо-жооптор менен талкууланды. Жыйынтыктоо бөлүгүндө ИТЭИнин ректору х.и.к., доцент Барпыбаев Т.Р., ИТЭИнин 1-проректору э.и.к., доцент Күзөбаев Н.Ж., ИТЭИнин илим, сапат жана тышкы иштер боюнча проректору п.и.к., доцент Токтомамбетова Ж.С. жана “Экономика жана информатика” кафедрасынын башчысы Тагаева Б.А. келген конокторго ыраазычылык билдирип, кесиптик майрамдын ээлерин кызуу куттукташты.