3-март КРнын Туу күнү жана 5-март Ак калпак күнү

           3-март КРнын Туу күнү жана 5-март Ак калпак күнүнө арналган иш-чара! ИТЭИнин “Энергетика” кафедрасынын окутуучусу, Дуйшебаева Элиза Ызабековнанын жетекчилигинде, “ИЭЭ-1-22” тайпасында “Мекенчилдик жана улуттук баалуулуктар” деген темада куратордук саат өттү. Бул иш-чаранын негизги максаты — студенттердин патриоттук сезимин жандандырып, өз мекенине болгон сүйүү жана сый менен мамиле кылууга үндөө. Докладдар окулуп, ар бир студент өзүнүн пикирлерин эркин билдирип, тарыхты, улуттук баалуулуктарды урматтоо маанисин талкуулашты. 📚Группанын активист студенти, Артыкбаев Мунарбек слайддар менен өз оюн бөлүшүп, иш-чаранын жүрүшүнө өзгөчө салым кошту. Жыйынтыгында кызуу талкуулар болуп, студенттер өз ойлорун бөлүшүп, мекенчилдик жана патриотизмдин маанисин терең түшүнүштү. Бул иш-чара биздин жаштарды улуттук маданиятты сыйлоого жана өз өлкөсүнө болгон сүйүүнү терең сезүүгө үндөйт! 🌍#ТууКүнү #АкКалпакКүнү #Патриотизм #ИТЭИ #КыргызМаданияты #Кыргызстан