“7-апрель — Элдик революция күнүнө” карата тегерек стол болуп өттү.

2026-жылдын 1-апрелинде ИТЭИде “7-апрель — Элдик революция күнүнө” карата тегерек стол болуп өттү. Иш-чара тарыхый мааниге ээ окуяларды эскерүү жана жаш муунга мекенчилдик сезимин калыптандыруу максатында уюштурулду. Иш чараны китепкана башчысы Ж. Абасбекова жана тарых мугалими А. Ильгельдиева уюштуруп, Н. Мирсаналиева жогорку деңгээлде алып барды.
Иш-чаранын жүрүшүндө:
ИПД-1-22 тайпасынын студенттери Дөөлөтбек кызы Айтурган жана Каныбек кызы Гүлбарчын 7-апрель окуялары боюнча терең маалыматтарды камтыган баяндамаларын окуп, атайын даярдалган слайддар аркылуу ошол күндүн таржымалын чагылдырып беришти.
ИЭК-1-25 тайпасынын студенти Элиза Эсенбаева өзүнүн калемине таандык “Төңкөрүш” аттуу автордук ырын көркөм окуп, катышуучулардын жүрөгүнөн түнөк тапты.
Кеченин соңунда ИТЭИнин тышкы байланыштар боюнча проректору Ж. Токтомамбетова, мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча бөлүм башчы Ч. Акбарова жана улук окутуучу Б. Атамбекова сөз сүйлөштү. Алар тарыхый сабактардын маанилүүлүгүн белгилеп, өлкөбүздө ар дайым тынчтык, бейпилдик жана өнүгүү болсун деген изги тилектерин билдиришти.