Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунда 8-март Бүткүл дүйнөлүк аялдардын эл аралык күнүнө карата окуу жайыбыздын айымдарын куттуктоо болуп өттү.
Куттуктоодо ыр-бий, оюндар менен коштолуп, белектер тапшырылды.
Бул күндү эл аралык деңгээлде белгилөө идеясы коммунист активист жана аялдардын укугун коргоочу Клара Цеткин аттуу аялга таандык. Ал бул идеяны 1910-жылы Копенгагенде өткөн жумушчу аялдардын эл аралык конференциясында сунуш кылган.