2025-жылдын 8-ноябрында 550700 Педагогика багытынын (профили: Педагогика жана Мектепке чейинки билим берүүнүн усулу) 3-курсунун МЧ-2-23 тайпасынын студенттеринен “Адаптациялык- педагогикалык практикасынын” отчетун кабыл алуу боюнча конференция уюштурулду. Конференцияда студенттердин практикасынын өтүшү, жүрүшү жана жыйынтыгы боюнча кеңири талкуу болду. Конференцияга “ПГД” каф.башчысы Мамытова Б.О., ИТЭИнин практика боюнча жооптуусу Бакиева Д.А., практика жетекчилери Орозалиева Н., Ильгельдиева А. катышышты.