Айкөлдүктүн уңгу жолу

Айкөлдүктүн Уңгужолу: Улуттук идентификация жана руханий башталыш. КР Президенти С.Н.Жапаровдун № 369 “Улуттук дем- дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндөгү Жарлыгын ишке ашыруу максатында Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунда тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столдун катышуучулары бул уңгужолдун алкагында бир нече маанилүү маселелерди талкуулашты. ИТЭИнин ректору, х.и.к., доцент Т.Р. Барпыбаев сөз сүйлөп, уңгужолдун маанисин жана анын өлкөнүн келечегине тийгизген таасири жөнүндө кененирээк баяндама жасады. Андан соң, ПГД кафедрасынын улук окутуучусу Мамытова Б. О. өзүнүн докладын окуп, талкууга дагы бир нече маанилүү пикирлерди кошту. ИЭК-1-21 тайпасынын студенти Манасбеков Эрмек Уңгужолдогу айрым бөлүктөрүнө токтолду жана иш-чаранын негизги ой-жүгүртүүсүн аныктап, катышуучулардын пикирлерине баа берди. Жыйынтыгында, ИТЭИнин Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча бөлүм башчысы Ч.Э. Акбарова учурдагы билимдин, таалим-тарбиянын жана кыргыз тилинин көйгөйлүү маселелерине токтолуп, жаштарды улуттук иденттүүлүктү сактап калуу жана аны өнүктүрүү үчүн жалпы коомчулуктун аракеттенүүсү керектигин белгилөө менен чакырык жасады.