Ак илбирс Кыргызстандын символу

2026-жылдын 3-февраль күнү ИТЭИде “Биология жана филология” кафедрасы тарабынан Ак илбирсти сактоо боюнча «Ак илбирс Кыргызстандын символу» аталышта чакан конференция өткөрүлдү.
Конференциянын максаты — Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №369 Жарлыгы менен бекитилген “Ак илбирстин статусун Кыргызстандын улуттук символу деп таануу жөнүндө” токтомду ишке ашыруу болду.
Конференцияны Жаштар комитетинин төрагасы Эсенжанов Дөөлөт алып барды, ал эми Ооганбек кызы Роза Ак илбирс жөнүндө кеңири маалымат камтылган презентация жасады.
Иш чарага катышкан студенттер суроо-жооп иретинде Ак илбирстин Кыргызстандын символу катары кабыл алышынын себептерин, жашоо шарты, дегеле жаратылыш менен болгон байланышы сыяктуу суроолордун үстүндө талкуу жүргүзүштү.