2025-жылдын 5-6-мартында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Аккредитациялоо жана сапатты баалоо бөлүмү тарабынан уюштурулган Улуттук аккредитациялык кеңештин эксперттерин окутуу семинарына Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунан Барпыбаев Т.Р. жана Токтомамбетова Ж.С. катышышты. Окуу семинарынын жүрушүндө аккредитацияга байланыштуу мурдагы жана жаңы укуктук ченемдик актылар боюнча кеңири маалыматтар берилип, катышуучулар тарабынан кеңири талкууланды. Ошондой эле аккредитациялоо боюнча алдыңкы ыкмалар каралып, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзүүчү шарттар каралды.