2025-жылдын 23-сентябрында Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунда “Педагогика”, “Экономика” жана “Электроэнергетика жана электротехника” багытындагы бүтүрүүчүлөргө Мамлекеттик үлгүдөгү жогорку кесиптик билимин тастыктаган дипломдор салтанаттуу тапшырылды. Иш чаранын ачылышында институттун ректору Т.Р.Барпыбаев жылуу каалоо тилектерин айтып, бүтүрүүчүлөрдү мамлекетибиздин өнүгүшүнө салым кошкон кесипкөй адистердин болушуна тилектештигин билдирди. Иш чарада мыкты жана институттун иш чараларына активдүү катышып келген бүтүрүүчүлөргө институттун атынан “Педагогика” багытынын бүтүрүүчүсү Бегназарова Гульбахор Зафарходжаевнага, “Экономика” багытынын бүтүрүүчүсү Абдираимова Насикат Абдурасуловнага, “Электроэнергетика жана электротехника” багыты боюнча Торутаев Мирлан Кадырбековичке “Ыраазычылык кат” тапшырылды. Ошондой эле кафедра башчылары Мамытова Б.О., Тагаева Б.А., Алманбетов А.А. тарабынан куттуктоолор айтылып, дипломдор тапшырылды.