2025-жылдын 1-декабрында Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күнү Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунда белгиленди. АкцияТаш-Көмүр шаардык мэриясы тарабынан уюштурулган жөө жүрүш менен башталып, институтта “Биология жана филология” кафедрасы тарабынан уюштурулган иш чара менен жыйынтыкталды. Иш чарага Таш-Көмүр шаарынын Жалпы дарыгердик-практика борбору мекемесинин “Ден соолукту чыңдоо” бөлмөсүнүн адиси Качыбекова Гульназ Абдуназаровна катышып, бул илдет боюнча кеңири маалымат берди. Ошондой эле окутуучулар курамы, кызматкерлер жана студенттер тарабынан берилген суроолорго да кеңири жооп берип, мындай маанилүү иш чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирди.