Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунун “Физика жана информатика” билим берүү программасынын профессордук-окутуучулар курамы менен студенттери Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунда конокто
2025-жылдын 1-июлунда Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунун "Физика жана информатика" билим берүү программасынын профессордук-окутуучулар курамы менен студенттери Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунда конокто болушту. Баткен мамлекеттик университети менен түзүлгөн эки тараптуу кызматташуу келишиминин алкагында профессор М.М.Таиров, доцент М. Темирбаев ага окутуучу А.К.Бердыбаев келишти. Иш чаранын алкагында Таш-Көмүр шаарындагы ГЭСтер менен таанышышып, институтун материалдык-техникалык базасын көрүп чыгып, өз бааларын беришти. Кызматташуу кагаз бетинде эмес, иш жүзүндө жүрүүдө. Баткен мамлекеттик университетинин ректору э.и.д., профессор Айдарбек Токторович Гыязовго институттун атынан түзүлгөн шарт үчүн ыраазычылык билдиребиз!