“Билим берүү системасында санариптик технологиялардын актуалдуулугу жана өнүгүү тенденциялары” аттуу аймактык илимий-практикалык конференция

2026-жылдын 3-апрелинде Инновациялык технологиялар жана энергетика институту тарабынан “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунун алкагында “Билим берүү системасында санариптик технологиялардын актуалдуулугу жана өнүгүү тенденциялары” аттуу аймактык илимий-практикалык конференция
лххөткөрүлдү. Конференцияга Аксы колледжинин, Кара-Көл колледжинин, Майлуу-Суу колледжинин, Кочкор-Ата колледжинин, шаарыбыздагы билим берүү бөлүмү, Б.Осмонов ат. ЖАМУ ТКИ, Таш-Көмүр аймактык колледжи, №111 кесиптик лицейи жана жалпы билим берүүчү орто мектептердин өкүлдөрү катышышты. Конференциянын жүрүшүндө Таш-Көмүр шаардык Аялдар кеңешинин төрайымы Умбеталиева Кадича Акматовна иш чаранын учурдун талабына ылайык экендигине токтолуп, уңгужолдогу таалим-тарбия, билим менен илимдин багыттары камтылганына жогорку баасын берди. Конференциянын пленардык жыйынында “Санарип мейкиндиктеги улуттук тил жана улуттук идеология”, “Улуттук код: генетикалык эмес, маданий жана руханий феномен”, “Манас эпосундагы бийик достук жана коомдук адилеттүүлүк маселелери” жана ИТЭИнин тарыхы камтылган маанилүү баяндамалар жасалды. Конференция 3-секцияга бөлүнүп, жалпы 36 илимий баяндама жасалды. Жыйынтыктоо бөлүгүндө ИТЭИнин ректору х.и.к., доцент Барпыбаев Т.Р., ИТЭИнин 1-проректору э.и.к., доцент Күзөбаев Н.Ж., ИТЭИнин илим, сапат жана тышкы иштер боюнча проректору п.и.к., доцент Токтомамбетова Ж.С. жана Таш-Көмүр шаардык Аялдар кеңешинин төрайымы Умбеталиева К. А. тарабынан келген конокторго ыраазычылык билдирилип, I-II-III даражадагы дипломдор менен сертификаттар тапшырылды.