“Чынгыз Айтматовдун руханий-гуманисттик мурасы жана Ысык-Көл форуму: улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик, туруктуу өнүгүүнүн, маданияттар жана цивилизациялардын диалогу” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияда Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча бөлүм башчысы Акбарова Чынара Эсенбаевна активдүү катышты
2026-жылдын 7-март күнү ЖАМУда “Чынгыз Айтматовдун руханий-гуманисттик мурасы жана Ысык-Көл форуму: улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик, туруктуу өнүгүүнүн, маданияттар жана цивилизациялардын диалогу” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция жогорку деңгээлде болуп өттү. Аталган конференцияга Түрк эл аралык уюмунун президенти Сарвар Испахри жана Германиядан, Туркиядан келген белгилүү илимпоздор, изилдөөчүлөр жана адистер катышып, өздөрүнүн илимий баяндамалары менен чыгышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк адабияттагы орду, анын гуманисттик идеялары, ошондой эле маданияттар аралык диалогду өнүктүрүүдөгү ролу кеңири талкууланды. Бул эл аралык илимий-практикалык конференцияга Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча бөлүм башчысы Акбарова Чынара Эсенбаевна активдүү катышып, “Манас” эпосундагы бийик достук жана коомдук адилеттүүлүк маселелери” аттуу илимий макаласы менен мазмундуу баяндама жасады. Ал өз сөзүндө кыргыз элинин улуу мурасы болгон “Манас” эпосунда чагылдырылган достук, ынтымак жана адилеттүүлүк идеяларын терең талдап, алардын бүгүнкү коом үчүн маанисине токтолду. Конференциянын жыйынтыгында катышуучулар тарабынан көтөрүлгөн илимий ойлор жана сунуштар маданий мурастарды сактоо, руханий баалуулуктарды өнүктүрүү жана эл аралык кызматташууну бекемдөө багытында маанилүү салым болоору белгиленди.