“Эң мыкты тайпа” конкурусунун жеңүүчүсү ИПД-1-22 тайпасынын студенттери Арсланбаб аймагында эс алышууда

Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунун 2024-2025 окуу жылынын жыйынтыгы менен “Эң мыкты тайпа” конкурусунун жеңүүчүсү ИПД-1-22 тайпасы башкы сыйлык “Эс алуу жолдомосу” сертификаты менен сыйланышкан. Тайпа куратору п.и.к. Токтомамбетова Жамилякан Сакибаевна 5000 (беш миң) сом менен сыйланды. Учурда ИПД-1-22 тайпасынын студенттери Арсланбаб аймагында эс алышууда. Жаңы окуу жылында бул конкурс улантылат.