Экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү

2026-жылдын 29-январь күнү ИТЭИде маанилүү иш-чара болуп өттү. Иш-чаранын максаты – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-сентябрындагы №551-т тескемеси менен бекитилген 2023–2027-жылдарга карата экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча Программанын иш-чаралар планын ишке ашыруу болгон. Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 19-январындагы мусулмандар арасында «никап» кийүүгө тыюу салуу жөнүндөгү буйругуна байланыштуу маселелер да талкууланды. Мындан сырткары, жаштар арасында ата-энеге болгон урмат-сый, устат менен шакирттин мамилеси, жана жаштардын руханий дүйнөсү сыяктуу маанилүү темалар талдоого алынды.
Бул иш-чарага ШИИБдин милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү, милициянын майору Акчабаев Муратбек Пазылович, ШИИБдин милициянын улук лейтенанты Сүйүнбек кызы Элнура, Таш-Көмүр шаарынын баш имам-хатиби Мансуров Мураталы ажы жана устаз Джорокулов Самат катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар коомдогу актуалдуу маселелер боюнча кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты. Талкуу жандуу жана мазмундуу өтүп, студенттер мындай жолугушууларды мындан ары дагы үзгүлтүксүз өткөрүп турууну суранышты.
Иш-чаранын соңунда Мураталы ажы жаштарга ыйман, ынсап жана окууларында ийгилик каалап, ак батасын берди. Бул жолугушуу институттун окутуучулар курамына, кызматкерлерине жана студенттерине руханий азык берип, коомдогу терс көрүнүштөргө каршы турууда билимдин жана тарбиянын маанилүүлүгүн дагы бир жолу баса белгиледи.