Эл аралык камкордук күнүнө карата ыйлай турган эмес, үмүт жараткан кабар! ????

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги №237 токтомун жана Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 2025-жылдын 26-ноябрындагы №389-б буйругун аткаруу алкагында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга көңүл буруу, кам көрүү жана моралдык колдоо көрсөтүү иш-чаралары уюштурулду.

✨ ИТЭИнин профсоюздук комитетинин чечими менен Аксы – Келдиш айылынын тургуну Төрөкулова Рахат эжеге барып, анын абалын сурап, колубуздан келген акчалай жардамды жана азык-түлүк пакетин тапшырдык.

Бул – жөн гана жардам эмес, бул жылуулук, көңүл, адамдык мамиле.
Биздин арзыбаган демейки колдообуз Рахат эженин жүзүнө нур чачып, кубаныч тартуулаганы биз үчүн чоң сыймык болду.

Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга кам көрүү — коомубуздун адамгерчилигин чагылдырган маанилүү иш.
Бул сыяктуу иш-чаралар мындан ары да улантылат.