
Эне тилди барктайлы
- 20/02/2025
- Manas
- 0
Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунда 21 -февраль Эл аралык эне тил күнүнө карата “Эне тилди барктайлы,, аттуу адабий музыкалык кече жогорку дэңгээлде белгиленди.
ИТЭИнин I-проректору э.и.к. Н.Ж.Кузобаев салтанаттуу кечени ачып берип атып, ар бир элдин тилинин өзгөчөлүгү дүйнөнүн маданиятындагы эң чоң байлыктардан бири экенин, эне тилибиздин маңызын түшүнүп, анын баалуулугун сыйлоого, аны өнүктүрүүгө, сактоого жана келечек муундарга өткөрүп берүүгө чакырып өттү.
ИТЭИнин мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча бөлүм башчысы Ч.Э.Акбарова сөз сүйлөп, төмөндөгүлөргө токтолду:
“Эне тил – бул адамдын өзүн түшүнүүсү, өзүнүн бай тарыхын жана маданиятын сактап калуусу үчүн негизги курал.
Тилдин күчү, анын байлыгы жана мааниси күн сайын бизге жаңы чакырыктарды алып келсе да, биздин эне тилибиз эң кымбаттуу мурас экенин унутпашыбыз керек. Ал биздин жергиликтүү маданиятыбыздын, элдик баалуулуктарыбыздын, салттарыбыздын жана тарыхыбыздын ажырагыс бөлүгү болуп саналат”.
Сиздер, урматтуу студенттер, тилди гана үйрөнүп койбостон, аны ар тараптуу колдонуу менен, ошол тилдин керемет жаратмандыгын жана аны келечектеги муундарга сактап калуу керектигин түшүнүп, көп тилдүү коомдо дүйнөдө өз ордуңузду таба аласыздар деген ишенимдебиз.
Жыйынтыгында мыкты дубал гезиттерге акчалай сыйлыктарды тапшырды.