2026-жылдын 27-мартында Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунун 580100 “Экономика” (профили: Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит) багытынын күндүзгү окуу бөлүмүнүн 2-курсунун ИЭК-1-24 тайпасынын студенттери 2026-жылдын 30.03 -17.04.2026 чейин үч жумалык “Кесиптик-базалык” практикасына чыгышты. Практиканын жүрүшү боюнча конференция уюштурулуп, институттун практика боюнча жооптуусу улук окутуучу Бакиева Д.А. жана кафедранын окутуучулары тарабынан практиканын мааниси жана жүрүшү тууралуу түшүндүрүштү. Келишим түзүлгөн өндүрүш-мекемелеринде практиканы өтөөнүн жол-жобосу боюнча да маалымат берилди.