2025-жылдын 20-ноябрь күнү Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунда “10-ноябрь – Илим күнүнө” арналган жумалыкты жыйынтыктоого карата “Илим жана инновация-келечекке багыт” аттуу конференция өттү. Конференцияда жалпысынан студенттер жана окутуучулар курамы тарабынан 15 илимий баяндама жасалды. Ошону менен бирге эле институттагы илимдин кандидаттары катышуучулардын суроолоруна жооп беришип, илим жолундагы кызыктуу окуяларын баяндашты. Конференциянын аягында уюштурууга чоң салым кошкон кафедраларга “Ыраазычылык каттар” тапшырылды.