Инновациялык технологиялар жана энергетика институту менен Ангерен университетинин (Өзбекстан) ортосунда кызматташуу келишими түзүлдү.

2024-жылдын 24-июнунда Инновациялык технологиялар жана энергетика институту менен Ангерен университетинин (Өзбекстан) ортосунда окуу-усулдук, илимий, маданий массалык жана спорттук иш чараларды биргеликте өткөрүү, кызматкерлердин жана студенттердин ортосунда академиялык мобилдүүлүктү жүргүзүү, илимий долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу боюнча кызматташуу келишими түзүлдү.

Ангерен университетинин ректору, ю.и.д., профессор Синдаров Комил Ойдинович бул кызматташуу эки элдин ортосундагы ынтымакты бекемдеп, келечекте биргелешкен көптөгөн иш-чараларга жол ачаарына токтолду. Ошону менен бирге эле өзүнүн авторлогундагы бир нече китептерин белек кылды.  Ал эми институттун ректору Барпыбаев Турдумамбет Рысбекович университетин жалпы жамаатына жылуу кабыл алыганын ыраазычылык билдирип, кызматташуу иш жүзүндө көптөгөн окуу-илимий, академиялык мобилдүүлүк ж.б. багытта алгылыктуу болорун белгилеп кетти.

Институттан  э.и.к. 1-проректор Кузобаев Нурис Жаныбкович, п.и.к. илим жана тышкы байланыштар боюнча проектор Токтомамбетова Жамилякан Сакибаевна, “Педагогика жана гуманитардык дисциплиналар” кафедрасынын башчысы Рыскулов Ильяс Рустанбекович катышышты