ИТЭИде 21-февраль — Эл аралык эне тил күнү
ИТЭИде 21-февраль — Эл аралык эне тил күнүнө карата мазмундуу жана жогорку деңгээлдеги маданий иш-чара болуп өттү. Бул майрам эне тилдин улуулугун даңазалап, ар улуттун маданиятына болгон сый-урматты арттырган өзгөчө маанай тартуулады.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер Кыргызстан, Россия, Өзбекстан, Түркия, Индия, Кытай элдеринин каада-салтын, адабиятын жана маданиятын чагылдырган сахналык көрүнүштөрдү тартуулап, улуттук ыр-бийлерди аткарышты. Ар бир номер өзгөчө даярдык менен сунушталып, көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызытып, көп тилдүүлүктүн көркүн даңазалады.
Бул иш-чараны ИТЭИнин мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча бөлүм башчысы Ч.Э. Акбарова, орус тили дисциплинасынын окутуучусу Б.Б. Атамбекова, англис тили дисциплинасынын улук окутуучусу К.Т. Сарыгулова демилгелеп, жогорку уюшкандыкта өткөрүштү.
Майрамдык кеченин соңунда мыкты катышуучулар ИТЭИнин Ардак грамоталары жана баалуу белектери менен сыйланышты.
Эне тилдин баркы — улуттун наркы экенин дагы бир ирет тастыктаган бул иш-чара катышуучуларга унутулгус таасир калтырды.
