10-мартта ИТЭИде Choco Day майрамына карата Жаштар комитети тарабынан майрамдык маанай уюштурулду. Иш-чаранын негизги максаты – студенттердин ортосундагы достук мамилени чыңдоо, бири-бирине урмат-сый көрсөтүүнү жайылтуу жана жагымдуу маанай түзүү болуп саналат. Сырдуу кутучаны уюштуруп, студенттер өздөрүнө жакын санаган курбу-курдаштарына о.э. окутуучуларга бири-бирине шоколад белек кылып, жылуу каалоо-тилектерин билдиришти. Катышуучулар достук маанайда баарлашып, жагымдуу атмосферада убакыт өткөрүштү. Бул иш-чара студенттердин ортосундагы ынтымакты бекемдеп, жакшы маанай тартуулаган эсте каларлык күндөрдүн бири болуп калды.