ИТЭИде студенттер арасында спорттук иш чара өткөрүлдү

2026-жылдын 6-7-февраль күндөрү Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунда студенттер арасында спорттук иш чара өткөрүлдү. Иш чара спорттун 5 түрү : шахмат, кол күрөш, эстафета, аркан тартыш жана стол тенниси боюнча өткөрүлдү. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар жана дипломдор тапшырылат.