ИТЭИде жаңы жетишкендик!

ИТЭИде жаңы жетишкендик! Бүгүн Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунун 2-корпусундагы №2 студенттик жатакана толук ремонттон өткөрүлүп, студенттерге тапшырылды. Ачылыш аземинде ректор, х.и.к., доцент Т.Р. Барпыбаев ачылыш кызыл лентасын кыркып, ар бир бөлмөнүн ачкычтарын тапшырды. Ал өз сөзүндө студенттердин окууларына ийгилик каалап, мыкты кесипкөй адистер болуп чыгуусуна ар тараптуу колдоо болорун, анын ичинде студенттердин жашоо шартына да озгөчө көңүл бөлүнөрүн белгилеп, ийгиликтерине тилектештигин билдирди. Иш-чарага ИТЭИнин Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча бөлүм башчысы Ч.Э. Акбарова, ТАКтын тарбия иштери боюнча директордун орун басары Ж. Бөкөтаева, жатакана коменданты Ж. Айдаралиева катышып, изги каалоо-тилектерин билдиришти. Бул жетишкендик студенттерге ыңгайлуу шарт түзүп, билим менен тарбия алууда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат!