ИТЭИнин бүтүрүүчүсү

Таш-Көмүр шаарында өткөн "Жылдын мыкты мугалими-2025" сынагында биздин бүтүрүүчүбүз, учурда №4 Токтогул ат. ЖББОМ башталгыч класстын мугалими болуп үзүрлүү эмгектенип жаткан Суранчиева Жазгүл Дурусбековна 2-орунга ээ болду. Инновациялык технологиялар жана энергетика институту өзүнүн бүтурүүчүлөрү менен дайыма сыймыктанып келет. ИТЭИнин атынан Суранчиева Жазгүл Дурусбековнага "Ыраазычылык кат" жана белектер тапшырылды.