ИТЭИнин “Жаштар комитетинин мүчөлөлөрү” “Кыялымдагы Кыргызстан Жалал-Абад 2026” жаштар форумунда

2026-жылдын 9-апрель күнү Манас шаарында “Кыялымдагы Кыргызстан Жалал-Абад 2026” жаштар форуму өтүп, ага ИТЭИнин “Жаштар комитетинин мүчөлөрү” дагы активдүү катышып келди. Форумда маданият, ишкерлик жана lT тармактары боюнча спикерлердин жаштар менен тажрыйба бөлүшүп, пикир алмашуусуна зор мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Жаштардын келечекке туура максат коюсуна шыктандырган, патриоттук сезимдерин күчөткөн өлкөбүздөгү ар тармакта ийгилик жаратып келе жаткан белиглүү инсандардын баарлашуусу болду. Иш чарада студенттер “Азаттык” аянтында уюштурулган жарманкедеги эмгектер менен жакындан таанышышты. Андан сырткары жаштарга концерттик программа тартууланып, жагымдуу маанай менен жыйынтыкталды.