“Кесиптик-профилдик” практика

2025-2026-окуу жылынын 15.09-11.10.2025-ж. күндөрү Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунун 550700 "Педагогика" (профили: Педагогика жана башталгыч билим берүүнүн усулу) багытынын күндүзгү окуу бөлүмүнүн 4-курсунун студенттери 4 жумалык "Кесиптик-профилдик" практикасына чыгышты. Практиканын жүрүшү боюнча конференция уюштурулуп, практиканын жүрүшү боюнча маалымат берилди. Келишим түзүлгөн билим берүү мекепелерине жөнөтүү менен бирге, шаардык мектептерге бөлүнгөн айрым студенттерди практика жетекчилери мектеп директорлору менен тааныштырып, практиканын маңыздуу жүрүшүнө ийгилик каалашты.