Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунда 2025-жылдын 16-январында Бишкек шаарындагы УКМКнын академиясында КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич менен баштапкы, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын ректорлору, проректорлору, директорлор жана активист студенттер менен коррупцияга жана паракорчулукка каршы өткөрүлгөн жыйындагы маселелер талкууланды. Жыйынга катышып келишкен ИТЭИнин ректору Т.Р.Барпыбаев менен I-проректор Н.Ж.Кузобаев тарабынан өткөрүлгөн жыйындагы маселелер боюнча маалыматтар берилди.