Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнү жана 5-март – Ак калпак күнүнө арналган мазмундуу жана таасирдүү иш-чара

2026-жылдын 4-март күнү Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунда Жаштар комитетинин демилгеси менен 3-март – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнү жана 5-март – Ак калпак күнүнө арналган мазмундуу жана таасирдүү иш-чара болуп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Жаштар комитетинин төрагасынын орун басары Атабекова Жамал Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун тарыхы, анын символикалык мааниси тууралуу кеңири презентация жасап, катышуучуларга терең маалымат берди. Ал эми Ак калпактын тарыхый баалуулугу, улуттук өзгөчөлүгү жана ыйык символ катары орду жөнүндө Жаштар комитетинин төрагасы Эсенжанов Дөөлөт кеңири түшүндүрмө берип, жаштарды улуттук наркты сактоого чакырды.
Ар бир баяндаманын соңунда залдагыларга кызыктуу суроолор берилип, туура жооп берген катышуучуларга мамлекеттик туу жана ак калпак белекке тапшырылды. Бул жагымдуу белектер жаштардын патриоттук духун көтөрүп, иш-чарага өзгөчө шаң кошту.
Патриоттук сезимди ойготкон ыр саптарын Жаштар комитетинин мүчөлөрү Эсенбаева Элиза жана Дүйшөналиева Мээрим көркөм окуп, мекенге болгон сүйүүнү, улуттук сыймыкты даңазалашты.
Иш-чаранын жыйынтыгында ИТЭИнин ректору, х.и.к., доцент Т.Р. Барпыбаев куттуктоо сөз сүйлөп ал өз сөзүндө;
«Мамлекеттик туу – бул биздин эгемендүүлүгүбүздүн, биримдигибиздин жана келечекке болгон ишенимибиздин символу. Ал эми ак калпак – улуттун улуулугун, ак ниетин жана ата-бабадан калган ыйык мурастын белгиси. Силер – өлкөнүн келечеги, илимдүү, аң-сезимдүү, мекенчил жаштар болуп өсүшүңөр зарыл. Бүгүнкүдөй иш-чаралар силердин жүрөгүңөрдө патриоттук сезимди бекемдеп, улуттук баалуулуктарды урматтоого үндөйт. Жаштар комитетинин демилгеси үчүн терең ыраазычылык билдирем», –деп сөзүн аяктады.
Ошондой эле ИТЭИнин Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча бөлүм башчысы Ч.Э. Акбарова да каалоо-тилегин айтып, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, жаштарга ийгилик каалады.
Иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, катышуучулардын жүрөгүндө мекенге болгон сыймык сезимин арттырган маанилүү маданий-агартуу иш-чара болуп калды.