Бүгүн, 3-март — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнү жана 5-март — Ак калпак күнүнө карата шаардык деңгээлде салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарада мекенчилдик рух, улуттук баалуулуктарга болгон урмат-сый жана элибиздин тарыхына болгон терең таазим өзгөчө сезилип турду. Майрамдын жүрүшүндө Таш-Көмүр шаарынын мэри Бектемиров Келсинбек Базаркулович жана Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Кудайбердиев Сагынбек Токтосунович куттуктоо сөз сүйлөп, жалпы шаар тургундарын майрам менен куттукташып, мамлекеттүүлүктүн символдорун урматтоо ар бир жарандын ыйык милдети экенин баса белгилешти. Шаардын коомчулугу менен бирге ИТЭИнин студенттери жана эмгек жамааты да активдүү катышып, майрамдык программаны мазмундуу, көрктүү өткөрүүгө өз салымдарын кошушту. Мамлекеттик туубуз — эгемендигибиздин символу болсо, Ак калпак — кыргыз элинин улуттук сыймыгы, нарк-насилинин белгиси. Мындай иш-чаралар жаш муунду патриоттук тарбиялоодо, улуттук аң-сезимди бекемдөөдө чоң мааниге ээ.