Кырсыктын алдын алуу жана коопсуздук чаралары жөнүндө

Бүгүн, 2025 – жылдын 31-январь күнү, Инновациялык технологиялар жана энергетика институтуна Коопсуздук кырдаал боюнча адистер келип, студенттерге кырсыктын алдын алуу жана коопсуздук чаралары жөнүндө маанилүү маалыматтарды беришти. Табигый кырсыктар, өрт коопсуздугу жана башка кооптуу абалдарга каршы көрүлчү чаралар боюнча суроо-жооп иретинде өтүп, атайын даярдалган слайддар көрсөтүлдү.

Бул иш-чарада калк кызматында иштеген кесипкөй инсандарга ИТЭИнин администрациясы тарабынан ыраазычылык билдирилди. Биздин шаар жана элибиз тынчтыкта, бакубат жашасын деген изги тилектер айтылды!

#Коопсуздук #ИТЭИ #ТабигыйКырсыктар #ӨртКоопсуздугу #ЭлибизТынчЖашасын.Инновациялык технологиялар жана энергетика институтуна