2025-жылдын 23-сентябрында Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү салтанаттуу белгиленди. Мындан туура 36 жыл мурун, тактап айтканда, 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРнын “Мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган. Иш чаранын салтанаттуу ачылышында “Кыргыз тилинин” гимни ойнотулуп, ИТЭИнин ректору х.и.к. Т.Р.Барпыбаев менен Таш -Көмүр шаардык мэрииясынын социалдык иштер боюнча жооптуусу Ыманбекова Гүлжамал Ыманбековна мамлекеттик тилдин баалуулугу, колдонулушу, жана сакталышы тууралуу сөз сүйлөп, кыргыз тилин даңктоого үндөп кетишти. Майрамдык кечеге карата уюштурулган көргөзмө көрк берип, коноктордун көңүлүнө толду. Иш чара ИТЭИнин студенттери тарабынан уюштурулган концерттик программа менен коштолуп, Мамлекеттик тил күнүнө карата уюштурулган дубал газеталарынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо менен жыйынтыкталды.