Негизги маалыматтар

Инновациялык технологиялар жана энергетика институту

Инновациялык технологиялар жана энергетика жана энергетика институтунун миссиясыжаңыланууга умтулган, келечек ээси боло турган жаштардын билим борборун түзүү, өнүктүрүү жана дүйнөгө таанытуу.

Инновациялык технологиялар жана энергетика институту (ИТЭИ) алгачкы жолу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгы тарабынан 2012-жылдын 26-мартында “Аймактык билим берүү институту” болуп катталган, ал эми 2022-жылдын 23-ноябрында “Инновациялык технологиялар жана энергетика институту” болуп өзгөрүп, кайрадан каттоодон өтүп, күбөлүккө ээ болгон.

Инновациялык технологиялар жана энергетика институту билим берүү ишмердүүдүлүгүн жүргүзүүгө КР ББИМ тарабынан 2019-жылдын 25-мартында лицензия алып, алгачкы 5 багыт жана 6 кошумча билим берүү программалары боюнча кабыл алуу өнөктүгүн баштаган:

1.      640200 Электроэнергетика жана электротехника

2.      580100 Экономика

3.      550700 Педагогика

4.      550600 Көркөм билим берүү

5.      710200 Маалыматтык системалар жана технологиялар

 

Кошумча билим берүү программалары:

1.        Кесиптик-техникалык окуу жайлардын мугалимдерин окутуунун теориясы жана методикасы

2.        Башталгыч класстын мугалимдеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу

3.        Информатика мугалимдеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу

4.        Кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу

5.        Математика мугалимдеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу

6.        Химия мугалимдеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу

 

2020-жылдын 19-июнунда Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги тарабынан (буйрук № 3/20/08) 4 багыт аккредитациядан ийгиликтүү өткөн:

  1. 1.640200 Электроэнергетика жана электротехника
  2. 2.580100 Экономика
  3. 3.550700 Педагогика
  4. 4.550600 Көркөм билим берүү

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын 3-майындагы № 2208/1 буйругунун негизинде жаңы 4 багытка лицензия алынды:

1.      580700 Бизнести башкаруу

2.      550300 Филологиялык билим берүү

3.      550100 Табыгый илимий билим берүү

4.      740600 Полиграфиялык жана таңгактоо өндүрүшүнүн технологиясы

rektor1
Барпыбаев Турдумамбет Рысбекович Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунун ректору, химия илимдеринин кандидаты

Инновациялык технологиялар жана энергетика институту – жаңы билимдерди түзүүгө, жайылтууга, топтоого жана кабыл алууга жөндөмдүү, заманбап билим берүүнүн  усулдарын жана технологияларын колдонуу менен илимий-билим берүү кызматтарын көрсөткөн, атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоону ишке ашырган, мамлекеттин, коомчулуктун, иш берүүчү менен кызыкдар тараптардын талаптарына дал келген, практикада туруктуу өнүгүүнүн саясатын ишке ашырган, Эл аралык билим берүү чөйрөсүн кеңейтүүгө умтулган ачык типтеги жогорку окуу жайы

ИТЭИнин өзгөчөлүктөрү

Институттун башка жогорку окуу жайлардан айырмаланган  өзгөчүлүгү катары, анын ыңгайлуу географиялык жайгашуу абалы эсептелет, ал Жалал-Абад областына караштуу Аксы,Ноокен, Токтогул, Ала-Бука жана Чаткал райондоруна, Кара-Көл, Кербен, Кочкор-Ата шаарларына жакын жайгашуу менен ал жердеги калктын билимге, илимге умтулуусун колдоо менен энергетика, экономика, педагогика жана маалыматтык технологиялар багытындагы жогорку квалификациялуу, компетенттүү адистерди

Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунун негиздөөчүсү, техника илимдеринин кандидаты, профессор Сооронбаев Манасбек Раишбекович институттун жалпы жамааты менен бирге

Институттун приоритеттүү багыттарынын катарына илим менен өндүрүштүн байланышын өнүктүрүү жана чыңдоо, педагогикалык чеберчиликти өнүктүрүү, маалыматтык технологияларды жогорудагы багыттарда колдонууну кеңейтүү менен билим берүү борборунун өзөгүн түзүү эсептелет. Институтта учурда “Образование, наука и инновации” аттуу-илимий-маалыматтык журналы жарык көрүп келет. Илимий-маалыматтык журналда энергетика, экономика жана педагогика багытындагы илимий изилдөөлөрдүн натыйжалары чагылдырылып келет.

Ал эми профессордук-окутуучулар курамы тарабынан эл аралык илимий басылмаларда макаларалы жарык көрүп келүүдө. Атап айтсак, Sсopus басылмасынан Т.Р.Барпыбаев, Ж.С.Токтомамбетова, И.Р.Рыскулов, А.А.Алманбетовдун илимий макалалары жарык көрдү. Натыйжада институттун илимий потенциялы Кыргызстандагы ЖОЖдун ичинен 32 позицияда турат. Өз кезегинде бул институттун илимий иштеринин жакшы деңгээлде жүргүзүлүп жаткандыгын билдирет.

ИТЭИнин баалуулугу

Өлкөбүздүн, коомдун жана замандын талабына дал келген адистерди жогорку деңгээлде даярдоо; бардык деңгээлдерде жана баскычтарда айкындуулукту камсыздоо менен кызматташууга даярдыгы; ар бир кызматкер менен студентти инсан катары сыйлоо; инженердик, экономикалык жана педагогикалык  багыттарга умтулган жаштарды даярдоодо өзгөчө маани берүү экендигин сезе билүү. Институттун ийгиликтүү өркүндөп өнүгүшү үчүн жалпы профессордук-окутуучулар курамы, кызматкерлери жана студенттери жаңыча ой-жүгүртүүгө умтулуу жана жаңыча көз-караш менен илим менен билимдин борборун түзүүдө негизги кепилдикти камсыздашат.

  Учурда институтта 28 илимий-педагогикалык жана 7 тейлөө кызматкерлери эмгектенип жатышат. Институттун илимий-педагогикалык кызматкерлери дайыма педагогикалык чеберчилиги менен квалификациясын жогорулатуунун жана такшалтманын үстүндө иштеп келишет. Атап айтсак, ОшМУнун “Агартуу академиясы”, Бельгиялык билим берүү борбору (Бельгия), “Научные публикации” (Украина), Андижан мамлекеттик университети (Өзбекстан), Ангерен университети (Өзбекстан),  Эл аралык педагогикалык-психологиялык университети (Россия), Москва шаарындагы Эл аралык информатика, башкаруу, экономика жана укук институту (Россия).

Практикалык көндүмдөрдү арттыруу, ички жана сырткы академиялык мобилдүүлүктү камсыздоо багытында Таш-Көмүр ГЭСтериин каскады, “Чакан ГЭС”, көмөкчү станцияларда, Ноокен, Аксы, Токтогул, Ала-Бука, Чаткал райондорундагы мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелери, орто кесиптик окуу жайлары, банктардын филиалдарында, чакан жана орто бизнести өнүктүргөн мекеме-ишканалар менен тыгыз иш алып барууда.

Институт 2021-жылдан бери Россия-Кыргызстан техникалык университеттеринин Консорциумунун мүчөсү.