Инновациялык технологиялар жана энергетика институнун "Электроэнергетика" кафедрасынын улук окутуучулары Жуманалиева Мээрим менен Дуйшебаева Элиза 2025-жылдын 19-20-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунун «Аврора» пансионатында Россия–Кыргыз техникалык университеттер консорциумунун XIII жалпы жыйынга катышышты. Иш-чараны КМТУнун ректору М. К. Чыныбаев жана Москва энергетикалык институтунун эл аралык кызматташтык боюнча проректору А. Е. Тарасов ачып беришти. Жыйында орус жана кыргыз университеттеринин өкүлдөрү тарабынан баяндама угулуп, билим берүү жана илимий чөйрөлөрдөгү кызматташтыктын жаңы форматтары талкууланды. Жыйынга консорциумдун мүчөсү болгон Россиянын 43 жана Кыргызстандын 15 ЖОЖдорунун жана институттарынын ректорлору, проректорлору жана делегациялары катышууда.