“Студенттердин жана Жаштардын күнүнө” карата салтанаттуу иш чара
2025-жылдын 14-ноябрь күнүндө Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунда “Студенттердин жана Жаштардын күнүнө” карата салтанаттуу иш чара өттү. Иш чара салтанаттуу бөлүгүндө Таш-Көмүр шаардык мэриянын аппарат жетекчиси Боронбаев Нурлан Абдрайымович жаштарды майрамы менен куттуктап, көптөгөн ийгиликтерди каалады. Ал эми институттун ректору х.и.к. Т.Р.Барпыбаев, илим жана тышкы байланыштар боюнча проректор п.и.к Ж.С.Токтомамбетова, мамлекеттик тил жана социалдык маселелер боюнча бөлүмдүн башчысы Ч.Э. Акбарова жана кафедра башчылары, кураторлор дагы студенттерди майрамы менен куттуктап, эң жакшы каалоо-тилектерин билдиришти. Ошону менен бирге бир топ студентер Таш-Көмүр шаардык мэриянын, институттун Ардак грамоталары менен сыйланышты. Майрамдык кече ыр-бий, түркүн оюндар менен коштолду.
