Тамыры болбой жер болбойт, тарыхы болбой эл болбойт

2025-жылдын 5-ноябрь күнү, 7–8-ноябрь – Ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата ИТЭИнин “Экономика жана Информатика” кафедрасынын демилгеси менен “Тамыры болбой жер болбойт, тарыхы болбой эл болбойт” аттуу иш-чара болуп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер тарых барактарын эске салып, слайд-шоу, сахналык көркөм композициялар аркылуу ата-бабаларыбыздын эрдик жолун чагылдырган 16- жылдагы Каргашалуу окуялар көрсөтүлдү.
Иш-чаранын жыйынтыгында ИТЭИнин 1-проректору, экономика илиминин кандидаты Н.Ж.Күзебаев сөз сүйлөп, эскерүү күнүнүн маани-маңызын: ” Ата-бабаларды эскерүү – бул тарыхты гана эмес, улуттун тамырын сыйлоо.
Өткөндөгү эрдик, мурасталган баалуулуктар – бүгүнкү күндүн руханий багыты.
Биз улуу мурастын уландысы болгон муунду тарбиялап жаткандыгыбыз менен сыймыктанабыз”, – деп баса белгиледи проректор.
Бул иш-чара студенттерге тарыхый мурас менен руханий баалуулуктарды терең таанытууга өбөлгө болду.