2025-жылдын 11-декабрында ИТЭИнин “Педагогика жана гуманитардык дисциплиналар” кафедрасы тарабынан 12-декабрь Улуттук адабияттар күнү жана Ч. Айтматовдун 100 жылдыгына карата ” Кылымдын залкар инсандары” аттуу адабий-музыкалык кече болуп өттү. Кечеге №55- К. Осмонкулов атындагы орто мектебинин мугалими, “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисинин ээси Мырзаева Халида Орозовна катышып, “Аалам алпы Айтматовго” арналган автордук ырын комузда кол ойнотуп ырдап берди. Иш чаранын жүрүшүндө студенттер менен окутуучулар эки залкардын чыгармаларынан көркөм окуп, монолог аткарышып, поэзия дүйнөсүнөн обондуу ырларынан аткарышты. Көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызыткан суроо жооп менен кызыктыруучу белектер берилди. Студенттер Ч.Айтматовдун белиглүү чыгармаларынан атайын роликтерди тартуулашты. Мындан сырткары иш чарада Ч.Айтматовдун чыгармаларын чагылдырган “Мыкты макет” сынагы жарыяланып, 1-орунга “Педагогика” кафедрасы, 2- орунга “Энергетика” кафедрасы, 3- орунга ” Экономика жана информатика” кафедрасы ээ болушту. ИТЭИнин ректору, х.и.к., доцент Т.Р. Барпыбаев каалоо тилектерин билдирип, студенттерге өткөндөн сабак алып, келечекке умтулган жаштардан болушун каалады.