“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик”
“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунун Таш-Көмүр шаардык форуму өттү!
2026-жылдын 12-февралында Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунда Таш-Көмүр шаардык мэриясы менен биргеликте “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунун чыгармачыл союздарынын жана илимий интеллигенциянын Таш-Көмүр шаардык форуму болуп өттү.
Форумга Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмү, №111 кесиптик лицей, Таш Көмүр аймактык колледжи, Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Таш Көмүр институту жана Таш-Көмүр шаардык маданият бөлүмү активдүү катышышты.
Форумдун жүрүшүндө Манас үчилтигинин ролу жана учурдагы тарбия-таалимдеги таасири, улуттук каада-салт, этнопедагогика, кыргыз эли, кыргыз тили жана адеп-ахлак боюнча кызыктуу баяндамалар болду. Форумдун жүрүшүндө жогорудагы мекемелерден концерттик программада тартууланды.
Жыйынтыгында форумдун активдүү катышуучуларына Таш-Көмүр шаардык мэрия менен Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин жана ИТЭИнин атынан ыраазычылык каттар тапшырылды.
Форумдун алкагында резолюциясы кабыл алынды!
