Улуу тарыхый инсан Алымбек датка Асан бий уулунун 225 жылдык мааракесине арналган иш-чара

2025-жылдын 14-октябрь күнү ИТЭИде “Педагогика жана гуманитардык дисциплиналар” кафедрасынын демилгеси менен Улуу тарыхый инсан Алымбек датка Асан бий уулунун 225 жылдык мааракесине арналган иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер тарабынан сценарий, слайд-шоу көрсөтүлүп, Жаштар комитети тарабынан сурамжылоо уюштурулду. Бүгүнкү иш чарага катышуучулар Алымбек датканын саясий ишмердүүлүгү жана эл үчүн жасаган кызматы тууралуу кеңири маалымат алышты. Ошондой эле “Дубал гезит” сынагы жарыяланып, жыйынтыгында: ???? 1-орун — БГ-1-23 тайпасы, ???? 2-орун — ИЭК-1-24 тайпасы, ???? 3-орун — ИПД-1-24 тайпасы болуп табылып, баалуу белектер менен сыйланышты. Иш-чаранын соңунда ИТЭИнин “ПГД” кафедрасынын башчысы Мамытова Бусара Орозовна жана Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча бөлүм башчысы Акбарова Чынара Эсенбаевна жаштарга изги каалоо-тилектерин билдиришти.