ЖАРЫЯЛООНУН ЭТИКАСЫ

          «ОБРАЗОВАНИЕ, НАУКА И ИННОВАЦИИ»
илимий-маалыматтык журнал
ISSN 1694-8378  

          «ОБРАЗОВАНИЕ, НАУКА И ИННОВАЦИИ» илимий-маалыматтык журналынын редакциялык коллегиясы өзүнүн ишмердүүлүгүн илимий басылмаларга коюлган эл аралык этикалык эрежелерге таянып жүргүзөт, анда сыр сактоо, басылмаларды көзөмөлдөө, жарыялоонун тартиби, кызыкчылыктардагы келишпестиктерди эске алуу ж.б. эрежелер камтылат.

            Илимий-маалыматтык журналдын редактору илимий макаланы басылмага кабыл алуу чечимин чыгарууда берилген маалыматтардын аныктыгына жана илимийлүүлүгүнүн маанисин жетекчиликке алат. Редактор кол жазманын интеллектуалдык мазмунун баалоону автордун рассасына, жынысына, диний жана сайсий көз-караштарына, атуулдулугуна, тегине, социалдык абалына карабастан жүргүзөт.

            Басылмадан чыкпаган маалыматтар жеке кызыкчылыктарга колдонулбашы керек жана автордун макулдугу жок үчүнчү тараптарга берилбейт. Басылмага берилген макала же маалыматтар сыр катары сакталып, жеке кызыкчылыгы үчүн пайда көрүүгө тыюу салынат.

            Редактор плагиаты аныкталган макаланы же маалыматты басылмага бербөө укугуна ээ.

            Редактор өз кезегинде басылмага берилген макаланы же маалыматты кабыл алуу же четке кагуунун себептерин аныктап авторлорго кайрадан берүүсү зарыл. Авторлор тарабынан оңдолгон макала же маалыматтар кайрадан рецензияга баа берүүгө жөнөтүлөт. Рецензент автордун макаласын же маалыматтарын илимий экспертизадан өткөрөт. Рецензент дагы өз кезегинде ага берилген макала же материалга баа берүү менен башка жактарга берүүгө укугу жок. Рецензент изилдөөнүн объективдүүлүгүнө жана негиздүүлүгүнө ачык баа берүүсү керек. Ал тарабынан авторду жекече сындоого алууга болбойт. Рецензент тарабынан дагы басылмага кабыл алынбаган макала же материалды өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланышына жол берилбейт.

Автор (же авторлордун тобу) басылмага берилген макала же маалыматтар үчүн персоналдык жоопкерчиликте болушат жана төмөнкү эрежелерди сакташы керек:

  • Авторлор негиздүү жана объективдүү макала же материалдарды бериши керек. Негизсиз жана көчүрүлгөн эмгектерге жол берилбейт;
  • Авторлор тарабынан басылмага берилген макала же материалдарда изилдөөнүн натыйжалары оригиналдуу экендигине кепилдик бериши керек. Башка авторлордун эмгектеринен алынган материалдарга сөзсүз милдеттүү түрдө шилтеме берилиши зарыл;
  • Кеңири пайдаланылган же көчүрүлгөн, же башка изилдөөлөордүн жыйынтыктарын өзүнүкү катары таануу этикалык эрежеге туура келбейт жана жол берилбейт;
  • Авторлор басылмага башка бөлөк илимий басылмаларга берилген жана жарыяланган эмгекти бербеши керек;
  • Соавтор катары изилдөөгө тең салым кошкон жактар кошулат жана изилдөөгө катышпагандар кирбеши керек;
  • Эгерде автор басылмага берилген эмгегинде оңдой турган жерлерин материал басмага кеткенге чейин оңдоо укугуна ээ жана ал боюнча журналдын редакциясына ыкчам билдирүүсү зарыл.