“Зордук — көйгөй эмес, каргаша!”

Бүгүн, 27-октябрь күнү, ИТЭИде “Зордук — көйгөй эмес, каргаша!” аттуу маанилүү иш-чара болуп өттү.
Иш-чара “Биология жана География” кафедрасынын демилгеси менен уюштурулуп, зордук-зомбулуктун алдын алуу жана коомдо коопсуз чөйрө түзүү темасына арналды.

Иш-чарага Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрү — милициянын улук лейтенанты Сүйүнбек кызы Эльнура жана милициянын сержанты Нурмаматов Жолдубай Амиракулович катышып, жаштарга баалуу насааттарын жана тилектерин билдиришти.
Студенттер тарабынан даярдалган слайд-шоулар, видео роликтер жана сахналык көрүнүштөр иш-чаранын маанисин дагы да арттырды.
ИТЭИнин 1-проректору Н.Ж. Кузебаев жаштарды кайдыгер болбоого чакырып, “Биз коопсуз коомду курууга милдеттүүбүз!” — деп белгиледи.
Иш-чаранын соңунда социалдык иштер боюнча бөлүм башчысы Ч.Э. Акбарова конокторго ыраазычылык билдирип, бардык катышуучуларга тынчтык, ынтымак жана биримдик каалады.
#ИТЭИ #ЗордукЗомбулуксузКоом #ЖаштарИнисиативасы #ТынчтыкЖанаЫнтымак