9-май Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңиштин 79-жылдыгына карата

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79-жылдыгына карата Инновациялык технологиялар жана энергетика институту Улуу Ата Мекендик согуштагы ооруктун катышуучусу Таш-Көмүр шаарынын Баетова көч. №117-1 үйүнүн тургуну Алакушева Шарапат энени майрам менен куттуктап келди. Куттуктоо сөзүндө институттун ректору Т.Р. Барпыбаев Шарапат энеге чың ден соолук каалап, алардын согуш жылдарындагы күжурмөн эмгектери эч качан унутулбай, бийик бааланып, жаштарды тарбиялоодо эң зор таасирлерди бере турганына токтолду. Ошону менен бирге эле институттун жамаатынын атынан белектер берилди.