Илим жана билим берүүдөгү кызматташтык: ИТЭИ эл аралык форумда

2026-жылдын 30-сентябрынан 4-октябрына чейин Россия менен Кыргызстандын ортосунда илим, билим берүү багытында бир нече иш-чаралар өттү. 2026-жылдын 1-октябрында Б.Н.Ельцин ат. Кыргыз-Россия Славян университетинде III Россия-Кыргызстан билим берүү форуму өттү. Форумдун жүрүшүндө эки мамлекеттин ортосунда илим, билим берүү багытында университеттер ортосунда келишимдер түзүлдү. 2026-жылдын 2-октябрынан баштап Россия-Кыргызстан техникалык университеттердин концорциуму өз ишин баштады. Бул чараларга ИТЭИнин ректору Т.Р.Барпыбаев катышып келди.